Олимпиада оюндары — 2024

УОК кыргызстандык спортчулардын Париждеги жашоо шарты боюнча үн катты

Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарыбагышев Парижде жүргөн аткаминерлер боюнча да түшүндүрмө берген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Олимпиадалык шаарчада тамак-аш жетиштүү, спортчулар үчүн кошумча шорпо, улуттук тамактар дагы уюштурулууда. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарыбагышев билдирди.
Анын айтымында, турнирдин башталышында чындап эле тамак-аштын жетишсиздиги болгону байкалган.
"Биринчи күндөрү ашканада чоң кезек болду. Спортчулардын даттануусунан кийин уюштуруучулар тамактын санын жана сапатын жакшыртты. Кийин машыктыруучулардан сурамжылоо жүргүзсөк, алар учурда салат, жер-жемиш, мөмө жана коюу тамактар жетиштүү экенин айтышты. Мындан тышкары, УОК спортчулар үчүн шорпо, бышырылган малдын жана тооктун эти сыяктуу улуттук тамактарды кошумча уюштурду", — деди Сарыбагышев.
Ошондой эле ал машыктыруучулардын суранычы боюнча спортчулар бир жана эки кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылганын, негизи төрт жана алты орундуу бөлмөлөр да бар экенин кошумчалады.
Ал Парижде жүргөн чиновниктерге да токтолуп, аткаминерлер же иш сапар менен, же өз каражаты менен барганын айткан.
"Олимпиадалык шаарчада бир дагы федерациянын президенти же аткаминер жок. Ал жакта машыктыруучулар, спортчулар менен кошо миссиянын башчысы жана УОКтун атташеси бар. Бул Эл аралык олимпиадалык комитеттин талабы. Алар уюштуруу иштерин: жыйындарды, отчетторду, допинг-тесттерди өткөрүшөт. Медицина кызматкерлерине өзгөчө көңүл бурулуп, алар да олимпиадалык шаарчада жайгашышкан. Азыр 16 спортчуга эки укалоочу, эки дарыгер бар. Токиодо ушундай эле сандагы спортчуга бирден дарыгер жана укалоочу бөлүнгөн эле", — деди Сарыбагышев.
Олимпиада оюндары — 2024
Бүгүн Парижде Айсулуу Тыныбекованын беттештери башталат. Дагы ким чыгат?