Олимпиада оюндары — 2024

Бүгүн Парижде Айсулуу Тыныбекованын беттештери башталат. Дагы ким чыгат?

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бүгүн Олимпиадада эркин күрөш боюнча беттештерде үч балбан килемге чыгат.
Алгач 57 килограмм салмакта Бекзат Алмазбеков кытайлык Цзоу Ванхао менен жубатуучу беттеш өткөрөт. Бул мелдештер 15:00дө башталат. Бекзат алгач казакстандык спортчуну жеңип, андан кийин америкалык балбанга утулуп калган. Бул каршылашы финалга чыккандыктан 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Анын артынан эле 15:30да 62 килограмм салмакта 1/8 финалда Айсулуу Тыныбекова алгачкы каршылашы, нигериялык Эстер Колаволе менен кез келет. Ушул эле бөлүктө 125 килограммда Айаал Лазарев ирандык Хоссейн Заре менен күрөшөт.
Олимпиада оюндары — 2024
Сүйүнчү! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада алтын үчүн беттешет