Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек Сейитбек уулуна финалда ким секундант болот? Жооп

Кыргыз мушкеринин буга чейинки беттештеринде өзбекстандык Акмал Хасанов секундант катары көмөктөшүп келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулунун финалдык беттешинде курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулу өзү секундант болорун айтты.
Кыргызстандык мушкер Олимпиадада кубалык Сайдель Иван Орта Родригести, америкалык Жамал Харвини, болгариялык Хавьер Ибаньес Диасты кезеги менен жеңип финалга чыккан.
Бул беттештерде ага өзбекстандык Акмал Хасанов секундант катары көмөктөшүп келген. Бирок финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу алтын медаль үчүн күрөштө өзбекстандык Абдумалик Халоков менен кез келе турган болду. Мындан улам коомчулукта "секунданты ким болот" деген суроо жаралган.
Данияр Төлөгөн уулу финалдык беттеште Акмал Хасанов "мага болбойт" деп баш тартканын белгилеп, өзү секундант болорун айткан.
Олимпиада оюндары — 2024
УОК кыргызстандык спортчулардын Париждеги жашоо шарты боюнча үн катты