Садыр Жапаровдун Казакстандагы иш сапары аяктап Көлгө келди

Бүгүн ал Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусуна катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон жумушчу сапары аяктаганын президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы 8-августта Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин жетекчилери менен бирге "Достук кечеси" гала-концертине катышкан.
Бүгүн Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусунда сүйлөп, учурдун маанилүү маселелерине токтолгон.
Жыйынга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмомали Рахмон жана Сердар Бердымухамедов келген. Андан соң Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын жолугушуусуна катышкан.
Маалымат кызматы Жапаров Казакстанга болгон жумушчу сапарын аяктагандан кийин Чолпон-Ата шаарына кайтып келгенин билдирди.
Садыр Жапаров Астанада президенттердин саммитинде сүйлөдү. Токтолгон маселелер