Олимпиада оюндары — 2024

Бекзат Алмаз уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн күч сынашат

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн ат салышат.
Ал 57 килограмм салмакта кытайлык Цзоу Ванхао менен жубатуучу беттеште 4:0 менен утулуп жатып, жыйынтыгында каршылашынын далысын жерге тийгизип, таза жеңди.
Эми кыргыз балбаны өзбекстандык Гуломжон Абдуллаев менен коло байге үчүн күч сынашат. Бул баскычтагы беттештер 23:30да башталат.
Бекзат алгач казакстандык спортчуну жеңип, андан кийин америкалык балбанга утулуп калган. Бул каршылашы финалга чыккандыктан 3-орун үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулуна финалда ким секундант болот? Жооп