Олимпиада оюндары — 2024

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын жарым финалына чыкты

Тыныбекова жарым финалда украиналык Ирина Коляденко менен беттешет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын чейрек финалында АКШлык Кайла Мираклды жеңип, жарым финалга чыкты.
Кыл чайнашкан беттеш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталып, бирок Тыныбекова техникалык артыкчылыктуу ыкмалары үчүн жеңишти камсыздады.
Балбандар кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта күч сынашты. Эми ал болгариялык балбан Биляна Дудованы утуп алган украиналык Ирина Коляденко менен беттешмей болду. Бул баскычтагы беттештер бүгүн саат 22:15те башталат.
Буга чейин кыргызстандык балбан кыз нигериялык Эстер Колаволени утуп, чейрек финалга чыккан.
Олимпиада оюндары — 2024
Мунарбек Сейитбек уулуна финалда ким секундант болот? Жооп