Олимпиада оюндары — 2024

Айсулуу Тыныбекова Олимпиададагы алгачкы атаандашын жеңди

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашын жеңди.
Ал кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта нигериялык Эстер Колаволени 5:1 эсебинде утуп алган.
Кийинки атаандашы түркиялык Несрин Баш менен Кайла Миракл жубунун жеңүүчүсү болот.
Буга катар эле 125 салмакта Айаал Лазарев Амир Хоссейн Заре менен кездешип 0:5 эсебинде утулуп калды. Эгер ирандык финалга чыкса 10-августта жубатуучу беттеш аркылуу коло үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алат.
Олимпиада оюндары — 2024
Бекзат Алмаз уулу Олимпиаданын коло байгеси үчүн күч сынашат