Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиге өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Соңку маалыматтар

Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Россиянын Курск облусундагы абалдан улам федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жаралды деп аныкташып, чечим кабыл алынды. Бул туурасында РФтин ӨКМи билдирди.
Бүгүндөн, тагыраагы, 9-августтан тарта Курск облусунун сегиз районундагы жашоочулар үчүн интернет жана байланыш бекер болмокчу. Бул өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин жеткиликтүү болуп турат.
Эске салсак, 6-августта Украинанын миңге жакын аскердик күчтөрү Курскинин Суджан районунун тилкелерин басып алууга аракет кылган. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башчысы Валерий Герасимов россиялык аскерлер Украина армиясынын аймакка илгерилеп кирген аракетин токтотконун маалымдаган. Ал Курскидеги операция каршылаштын талкаланышы менен аяктаарын айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Украина АКШдан ATACMS менен РФ авиабазаларына сокку урууга уруксат сурап жатат