Кол өнөрчүлөр арасында "Өзгөчө Чаткал шырыгы жана кырк курак" фестивалы өтөт

Колго буюм тигип-жасоодо синтетика кездеме, жиптерди колдонууга тыюу салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда "Өзгөчө Чаткал шырыгы жана кырк курак – 2024" кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Кабарда иш-чара 10-11-август күндөрү өтөрү жазылган.
"Фестивалдын максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо, жайылтуу. Ошондой эле элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандырып өнүктүрүү жана бул тармактагы түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүү. Мындан тышкары, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланышты чыңдоо, жаш чеберлерди кол өнөрчүлүккө кызыктыруу", — деп айтылат маалыматта.
Фестивалдын шарттары:
билимдүү, дасыккан адистерден калыстар тобу түзүлөт;
катышуучулардын жынысы, жаш өзгөчөлүктөрүнө чектөө жок;
ар бир катышуучу өзү жасаган буюмдарынын тарыхын, аталышын, турмушта, жашоодо кандай максатта колдонуларын билиши керек;
фестивалга катышкандардын бардыгы улуттук формада болуусу шарт;
жеңүүчү деп табылган кол өнөрчүлөрдүн жасаган эмгектеринен бирден үлгү музейге тапшырылат;
синтетика буюмдарын колдонууга тыюу салынат.
"Иш-чарага республиканын бардык аймактарынан кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген ишкерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, чакан ишкана, кооператив ээлери, чеберлер катыша алат. Катышуучулардын жол киреси жөнөтүлгөн тараптан төлөнөт же өздөрү төлөйт. Кароо-сынакка катышуучулардын жатаканасы, тамак-ашы уюштуруучулар тарабынан каржыланат", — дешти министрликтен.
Катышууну каалагандар 0 222 704162; 0 777 812847 номерлерине байланышса болот. Электрондук дарек: bijsynaj@gmail.com
Бишкектин борборундагы көз жоосун алган көрүнүш. Видео