КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлери Минскиде жолукту

Кеңешмеде министр Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ийгиликтүү ишмердүүлүк көп жагынан министрликтердин өз ара кызматташуусуна байланыштуу экенин жана бардык маселелер боюнча иштешүүгө ачык, даяр экендигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Минск шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлер кеңешинин 50-жыйынына Кыргызстандын ИИМ башчысы Улан Ниязбеков катышты.
Анда Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын ички иштер министрликтеринин жетекчилери болгон. Андан сырткары, КМШга мүчө мамлекеттердин аймагындагы уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюронун директору Олег Коновалов катышкан.
1 / 2

Чогулгандар кылмыштуулук менен күрөшүүдө биргелешкен чараларды көрүү боюнча маселелер көтөрүлгөн

2 / 2

Андан сырткары, шериктеш мамлекеттердеги кылмыштуулук менен болгон кырдаал, өзгөчө кооптуу кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды аткаруунун жүрүшү, баңгизаттарды жайылтууга бөгөт коюу, курал сатуу, трансулуттук кылмыштуу топторго, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү иштери талкууланган

Чогулгандар кылмыштуулук менен күрөшүүдө биргелешкен чараларды көрүү боюнча маселелер көтөрүлгөн. Андан сырткары, шериктеш мамлекеттердеги кылмыштуулук менен болгон кырдаал, өзгөчө кооптуу кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды аткаруунун жүрүшү, баңгизаттарды жайылтууга бөгөт коюу, курал сатуу, трансулуттук кылмыштуу топторго, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү иштери талкууланган.
Кеңешмеде министр Ниязбеков сүйлөп, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ийгиликтүү ишмердүүлүк көп жагынан министрликтердин өз ара иштешүүсүнө байланыштуу экенин белгилеген. Ошондой эле ал бардык маселелери боюнча кызматташууга ачык, даяр экендигин айткан.
Жыйындын соңунда тиешелүү бир катар чечимдерге кол коюлган.
Кыргызстан менен Россиянын ИИМ башчылары кызматташууну талкуулады