Дүйнөлүк экинчи согуштун Япониядагы соңку чекити. Видео

79 жыл мурда советтик аскерлер Япониянын Квантун армиясына талкалоочу сокку урган операциясын баштап, бул окуя дүйнөлүк экинчи согуштун аякташына өбөлгө түзгөн.
Sputnik
Квантун армиясында бир миллионго чукул аскер болгон. Токио жергиликтүү талаа командирлерин, андан сырткары, запаста тургандарды жана Манчжурияда жашаган япон келгиндерин пайдаланган.
Эки жумада маршал Александр Василевскийдин жетекчилиги, бир жарым миңге чукул советтик аскерлердин каармандыгы менен бул күчтөр талкаланган. 14-августта бытырап кеткен армия өзүнүн жетекчилиги менен байланышты жоготуп алган.
18-августта Василевский Япониянын Хоккайдо аралында эки аткычтар дивизиясын жайгаштыруу боюнча буйрук берген, бирок кийинчерээк операция Ставканын көрсөтмөсү боюнча токтотулган.
1945-жылдын 19-августунда Мукденде Кызыл Армиянын десантчылары Япониянын Маньчжоу-Го колониялык мамлекетинин императору Пу Ини туткунга алышкан. Ал эми 2-сентябрда Япония жеңилип берген.