Олимпиада оюндары — 2024

Сүйүнчү! Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадада алтын үчүн беттешет

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандык боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиаданын финалына чыкты.
Сейитбек уулу жарым финалда болгариялык спортчу Хавьер Ибаньес Диаска кез келип, үч раунддун жыйынтыгы менен жеңишке жетти.
Кыргызстандык мушкер алгачкы кармашында кубалык Сайдель Иван Орта Родригести, 1/4 финалда америкалык спортчу Жамал Харвини уткан.
Тагдыр чечүүчү беттеште Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен күч сынашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Департамент Мунарбектин жеке машыктыруучусу Парижге эмнеге барбаганын түшүндүрдү