Радио

Адис: Бишкектин ортосунда жайгашкан мектептерде сабактар эрте башталат

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин директорунун орун басары Медина Ботоканова мектептерде сабактарды эрте баштоо чечими менен жол тыгындарынын байланышын түшүндүрүп берди.
Sputnik
Окуучулар мектепке бара жатканда жол тыгынында туруп ыңгайсыздыкка кабылбашы үчүн Бишкектеги айрым мектепте сабактарды саат 7:30да баштоо чечими кабыл алынган. Бул тууралуу Медина Ботоканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга чейин окуучулар тыгындан улам сабактарына кечигип жатышканын айтып, даттанып келишкен.
"Келе жаткан жаңы окуу жылында Бишкектеги 30 мектепте сабактарды саат 7:30да баштоо пландалган. Ар бир окуу жылынын аягында тийиштүү анализдер жүргүзүлөт. Өткөн окуу жылынын жыйынтыгы менен көйгөй байкалды. Балдардын көбү сабакка кечигип келишине тыгында туруп калганы, транспортко батпай калганы себеп болгонун айткан. Сабак 7:30да башталса бала мектепке тыгын башталганга чейин келип калат. Эрте келген бала эрте кетет, кыш мезгилинде билесиңер, балдар кеч чыгып үшүп калат деген тынчсыздануу бар эле. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, сабактар эрте баштала турган мектептер шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Мына ушул нерселерди карап көрүп, аталган мектептерде сабактарды эрте баштоо чечимин кабыл алдык. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин 14 мектепте сабактарды саат 7:30да баштоо иш жүзүндө сыналган. Ал оң натыйжа берди. Ушул себептен дагы сабактар эрте башталган мектептердин санын көбөйтүү чечими кабыл алынды", — деди Ботоканова.
Ошондой эле ал ата-энелерге автоунааларды мектептин жанына токтотууга тыюу салынарын кошумчалады.