29 жаштагы режиссер жана сценарийчи "МЫ" деп аталган жаштардын эл аралык фестивалына Оштон келди.
"Азырынча тажрыйба топтолууда, бул жерде кыйын спикерлер бар экен. Айткандарын кунт коюп угуп жатабыз. Берген суроолорубузга да абдан жеткиликтүү кылып түшүндүрүп беришүүдө. Азырынча билимди өзүбүзгө сиңирип жатабыз", — деди Бахрамов.
Иш-чаранын катышуучулары тажрыйба алмашып, чеберчиликти үйрөткөн сабактарга катышып, россиялык кинематографиянын өкүлдөрү менен жолукту.
Иш-чара Россия президентинин маданий демилгелер фондунун колдоосу менен уюштурулду. "Лига творчества" уюму жана Россиянын кинематографисттер союзу, Жалпы россиялык коомдук фонду өнөктөш болду.