Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Айсулуу Тыныбекова финалга чыга албай калды, эми коло медаль үчүн күрөшөт

Ал жарым финалда украиналык атаандашынан 9:2 эсебинде жеңилди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиаданын жарым финалында украиналык Ирина Коляденко менен беттеште жеңилип калды.
Балбандар кыз-келиндер арасындагы күрөштө 62 килограмм салмакта күч сынашты. Эсеп украиналык спортчунун пайдасына 9:2 эсеби менен аяктады.
Алгач кыргызстандык балбан кыз нигериялык Эстер Колаволени утуп, чейрек финалга чыккан. Андан кийинки атаандашы АКШлык Кайла Миракл болуп, анда да жеңишти камсыздаган.
Эми ал коло медаль үчүн күрөшөт. Атаандаштары Криста Инце (Румыния) же Анна Гонзалез (Канада) болушу мүмкүн.
Олимпиада оюндары — 2024
Акжол Махмудовго алтын алууга эмне тоскоол болгону тууралуу суроо узатылды