Волейбол боюнча КРдин кыздар курамасы тарыхта биринчи ирет эл аралык турнирде чемпион болду

Sputnik
Мальдив аралдарынын Мале шаарында 20 жашка чейинкилер арасында Азиянын зоналык Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын курамасы чемпион болду. Башкы машыктыруучу Курсантбек Уланбек уулунун жетекчилиги астында кыздар командасы тарыхта алгачкы ирет эл аралык мелдеште алтын утту.
Чемпионаттын жыйынтыгы менен команданын капитаны Роза Расулбекова “Мыкты оюнчу” жана “Эң баалуу оюнчу” деген жеке сыйлыктарды алды. Бул чыгарылышта 18 жаштагы волейболчу менен маектештик.