Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
8-августта Улуттук банк валюта рыногунда 51 миллион 650 миң доллар сатты. Эске салсак, өткөн аптадан бери өлкөдө доллардын курсу көтөрүлүүдө. Кечээ таңга маал долларды сатуунун орточо курсу 85,57 сомдон көтөрүлүп отуруп бүгүн 85,9 сомго жетти. Бүгүн доллардын курсу бардык жерде 85,9 сом болууда. Улуттук банк валютанын чайпалуусун алдын алуу максатында чет элдик валютаны сатып же сатып алат. Жыл башынан бери башкы банк 15 интервенция жүргүздү: Төрт жолу доллар сатты — жалпы сумма 90 миллион 150 миң долларды түздү; 12 жолу сатып алды — жалпы сумма 347 миллион 150 миң долларга жетти.
Япониянын премьер-министри Фумио Кисида Астанага мерчемделген иш сапарынын мөөнөтүн жылдырды. Маалыматты Япониянын Казакстандагы элчилигинен Sputnik Казакстанга тастыкташкан. Ушу тапта Японияда жер титирөө коркунучу жаралды. ЖМКлар бийликти жана окумуштууларды Хонсю аралынын түштүк-чыгышындагы Нанкай жаракасы тынчсыздандырып жатканын жазышууда. Фумио Кисиданын Борбор Азияга, атап айтканда, Казакстанга иш сапары пландалган эле. 9-августта Астанада "Борбор Азия + Япония" саммити күтүлүп жаткан. Ал эми Токаев менен Кисиданын жолугушуусу 10-августка белгиленген. Буга чейин Япониянын премьер-министри Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугары маалымдалган болчу. Хонсю аралында күчү 8 баллга жакын жер титирөө 100-200 жылда бир кайталанып турат. Окумуштуулар алдыдагы 30 жылдын ичинде 8 же 9 баллга жеткен жер титирөө ыктымалдуулугу 70-80 пайыз экенин айтышууда. Мындай учурда Япония кыйла жабыркап, чыгыш жээгин 30 метр бийиктиктеги цунами капташы ыктымал.
Олимпиадалык шаарчада тамак-аш жетиштүү, спортчулар үчүн кошумча шорпо, улуттук тамактар дагы уюштурулууда. Бул тууралуу Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Кылыч Сарыбагышев билдирди. Анын айтымында, турнирдин башталышында чындап эле тамак-аштын жетишсиздиги болгону байкалган. "Биринчи күндөрү ашканада чоң кезек болду. Спортчулардын даттануусунан кийин уюштуруучулар тамактын санын жана сапатын жакшыртты. Кийин машыктыруучулардан сурамжылоо жүргүзсөк, алар учурда салат, жер-жемиш, мөмө жана коюу тамактар жетиштүү экенин айтышты. Мындан тышкары, УОК спортчулар үчүн шорпо, бышырылган малдын жана тооктун эти сыяктуу улуттук тамактарды кошумча уюштурду", — деди Сарыбагышев. Ошондой эле ал машыктыруучулардын суранычы боюнча спортчулар бир жана эки кишилик бөлмөлөргө жайгаштырылганын, негизи төрт жана алты орундуу бөлмөлөр да бар экенин кошумчалады. Ал Парижде жүргөн чиновниктерге да токтолуп, аткаминерлер же иш сапар менен, же өз каражаты менен барганын айткан.
Россиянын Курск облусундагы абалдан улам федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жаралды деп аныкташып, чечим кабыл алынды. Бул туурасында РФтин ӨКМи билдирди. Бүгүндөн, тагыраагы, 9-августтан тарта Курск облусунун сегиз районундагы жашоочулар үчүн интернет жана байланыш бекер болмокчу. Бул өзгөчө кырдаал режими алынганга чейин жеткиликтүү болуп турат. Эске салсак, 6-августта Украинанын миңге жакын аскердик күчтөрү Курскинин Суджан районунун тилкелерин басып алууга аракет кылган. РФтин Куралдуу күчтөрүнүн Генштабынын башчысы Валерий Герасимов россиялык аскерлер Украина армиясынын аймакка илгерилеп кирген аракетин токтотконун маалымдаган. Ал Курскидеги операция каршылаштын талкаланышы менен аяктаарын айткан.