Тамак-аштан массалык уулануулар санитардык көзөмөлдүн жоктугуна байланыштуубу же башка себептери барбы?

Sputnik
Өзгөчө жай мезгилинде тамак-аштан уулануу көп катталат. Мисалы, 6 ай ичинде 111 учур катталып, 293 адам жабыркаган. Анын ичинде 53 учур коомдук тамактануучу жай менен байланыштуу. Муну менен катар ичеги-карын оорулары да көп. Айрыкча балдар арасында. Адистер кыргызстандыктарды өздүк гигиенаны сактоого жана балдарды да кичинесинен эле буга үйрөтүүгө чакырат.
Ошол эле учурда коомдук тамактануучу жайлардын, кафе-ресторандардын ээлери да жоопкерчиликти сезе билиши керектигин Назгүл Абамуслимова белгиледи.