Телефон алдамчылыгы — Технологиянын өнүгүүсү менен шылуундуктун түрлөрү көбөйдү

Sputnik
Соңку жылдары өлкөдө телефон алдамчылары көбөйдү. Тилекке каршы, аларга акчасын алдаткан жарандар да арбыды. Айрымдары убагында милицияга арыз менен кайрылып, акчасын кайтарып алган. Бүгүнкү күндө шылуундар “банк кызматкеримин”, “укук коргоо органдарынын же мамлекеттик кызматкерлеринин кызматкеримин” деп тааныштырып, алдоодо. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу ссылка жөнөтүп же болбосо чалып акчаларга ээлик кылып жатышат.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Азамат Аттокуров эгерде сизге тааныш эмес номер чалып, күмөн жарата турган маалыматтарды айтса, алгач ал маалыматтын чындыгын текшерип же болбосо 102 номуруна чалууга чакырды.