Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
"Социалдык келишим" долбоору негизделгенден бери өлкөдөгү 8 500 үй-бүлө мамлекет менен келишим түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Маалымдалгандай, аталган программа боюнча социалдык паспорту бар же "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр чакан бизнес баштоо үчүн мамлекеттен 100 миң сомдон ала алышат. Баткен облусу – 585 үй-бүлө, Жалал-Абаддан – 1915, Ысык-Көл облусунан – 826 үй-бүлө, Нарын аймагынан – 820, Талас облусунан – 915 үй-бүлө, Чүйдөн – 821, Бишкек шаарынан – 101 жана Ош облусунан – 2 422, Ош шаарынан – 95 үй-бүлө келишим түзгөн. 2022-жылы башталган долбоорго республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Кыргызстанда ымыркайларды каттай турган санариптик долбоор ишке ашты. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева маалымат жыйынында кабарлады. Эми төрөт үйүнөн ымыркайдын төрөлгөндүгү тууралуу маалымат дароо Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментине түшөт. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 60 күн ичинде баланын ата-энеси туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер үй-бүлөгө барып, жаңы төрөлгөн балага документ алуу керектигин эскертип турат. Буга чейин Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын 10 миңге жакыны туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Муну менен алар төрөт боюнча жөлөкпул, медициналык кызматтар, бала бакчага кирүү, мектепке баруу сыяктуу кепилденген мамлекеттик кызматтарды албай калышкан.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Азамат Мажиков 13 гектардагы өрүгүн элге акысыз таратууну чечкен. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, фермер жалпы 64 гектарга алма, алмурут, алча, карагат, кулпунай жана башка өстүрөт.Мажиков мындай аракетин бул жылы кулпунай жана алчага басым жасап, ал эми өрүккө кол жетпей жатканы менен түшүндүргөн.Ошондой эле ал быйыл түшүм жылдагыдан жакшы болгонун жана терип алчулар болгону жакшы сөзүн айтып, батасын берип, алып кете берсе болорун кошумчалаган.
Температуранын көтөрүлүшү планетада олуттуу климаттык өзгөрүүлөргө, кыйроого алып келет. Бул тууралуу Nature Communications журналына окумуштуулардын командасы билдиргенин РИА Новости жазды. Изилдөөдө төрт жаратылыш системасы: Атлантикалык агым, Амазонка токойлору, Арктикадагы жана Антарктидагы муздар каралган. Глобалдык жылуулуктан улам аталган системалардын бирөө эле бузулса климат кескин өзгөрөт. Окумуштуулар мындай көрүнүш болбошу үчүн 2100-жылга чейин атмосферага зыяндуу газдардын таркоосун нөлгө түшүрүү зарыл деген жыйынтыкка келишкен.