ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү өстү

Кыргызстанда жумуртканын өндүрүшү 8,4 пайызга, сүттүкү 2,7 жана союшка жараган малдын башы 1,5 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 2024-жылдын алты айына карата Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү 2 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылган.
Маалыматтар былтыркы жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырылды.
Өсүш уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдө болгон (пайыз менен):
Беларусь — 10,2;
Армения — 4,3;
Казакстан — 3,4;
Кыргызстан — 3,3;
Россия — 0,9.
Кыргызстанда жумуртканын өндүрүшү 8,4 пайызга, сүттүкү 2,7 пайыз жана союшка жараган малдын башы 1,5 пайызга өскөн.
ЕАЭБде сүт өндүрүүнүн көлөмү өстү. Кыргызстандын көрсөткүчү