ЕАЭБ ичинен айыл чарба боюнча Беларустун көрсөткүчү мыкты болду. Инфографика

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасынан Беларусь 2024-жылдын биринчи жарымында айыл чарба өндүрүшүнүн өсүү темпи боюнча алдыга чыкты.
Sputnik
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына таянсак, айыл чарба продукциясын өндүрүү Беларуста соңку алты айда 10,2 пайызга өскөн.
ЕАЭБдин башка мамлекеттеринде да айыл чарба азыктарын өндүрүүнүн жогорулашы байкалган:
Арменияда 4,3 пайызга;
Казакстанда 3,4 пайызга;
Кыргызстанда 3,3 пайызга;
Россияда 0,9 пайызга.
ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү өстү