Олимпиада оюндары — 2024

Париж-2024: Кыргызстанга 4-медалды Үзүр Жузупбеков алып берди!

Эсеп 1:1 болгону менен Жузупбековдун активдүүлүгү үчүн калыстар жеңишти кыргызстандык балбанга ыйгарышты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг.— Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жузупбеков Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадада коло медалдын ээси болду.
Ал Египеттин спортчусу Мохамед Габр менен кармашты. Эсеп 1:1 болгону менен Жузупбековдун жасаган аракеттери, активдүүлүгү үчүн жеңиш кыргызстандык балбан тарапта болду.
Жузупбеков бүгүн 1/8 бөлүктө литвалык Миндаугас Венскаитисти жеңген, бирок чейрек финалда ирандык Мохаммадхади Саравиге утулуп калган.
Жарым финалга өткөн Мохаммад Хади Сарави финалга чыгып, кыргыз балбаны коло медаль үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Жубатуучу беттеште америкалык каршылашын 9:4 эсебинде уткан.
Бул Кыргызстан үчүн Париждеги Олимпиада оюндарындагы төртүнчү медаль болду.
Олимпиада оюндары — 2024
Сүйүнчү! Акжол Махмудов Олимпиадада коло медаль утту