Олимпиада оюндары — 2024

Алтын башыңар аман болсун! Садыр Жапаров Акжол менен Үзүрдү куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Париж Олимпиадасынын коло медалына ээ болгон балбандар Акжол Махмудов менен Үзүр Жузупбековду куттуктады.
Экерте кетсек, беттештер түндө өткөн.

"Кыргыз эли, баарыбыз, абдан кубанып турабыз. Алтын албай калдык деп көңүлүңөрдү чөгөрбөгүлө. Эң башкысы, эли-жериңердин сыйынан, сынынан кетпегиле! Алтын медалдан артык алтын башыңар аман болсун. Спортту жакшы түшүнгөн киши катары айтайын, ар дайым эле жеңиш боло бербейт, татыктуу жеңиле да билиш керек. Кыргыздын балбандарын Кыргызстан же коңшу мамлекеттер эле эмес, дүйнө жүзү, баары билет, өзгөчө силерди грек-рим күрөшүнүн чыгаан балбандары катары жакшы таанышат, жакшы сыйлашат, мына ушуну унутпагыла. 3-орун дагы барктуу орун. Коло алдым деп капа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Алдыда дагы кыл чайнашкан беттештериңер турат, ага да жакшы даярданып, мыктылыгыңарды дадилдеп, алтын медалдарды алышыңар керек. Муну эл чыдамсыздык менен күтүп жатат. Силер
айкөл, баатыр Манастын тукумусуңар, ушуну эстен чыгарбагыла!" — деген Жапаров.

Өлкө башчы алдыда чыга турчу башка балбандарга дем-күч берип турууга чакырган.
Акжол видеонун аягында алтынды да багынта турганын убадалады.
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Видео