Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада: Амантур Исмаилов коло байгени ала албай калды

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиада оюндарында Амантур Исмаилов коло байге үчүн кармашта азербайжандык Хасрат Жафаровго жеңилип калды.
Балбандардын кармашы 0:8 упай эсебинде аяктады. Бул Амантурдун Олимпиада оюндарына алгачкы ирет катышуусу.
Исмаилов алгачкы кармашында грузиялык Рамаз Зоидзени жеңип, чейрек финалда украиналык Парвиз Насибовго утулуп калган. Бирок ал финалга чыгып, Амантур жубатуучу беттешке мүмкүндүк алган. Ал кармашта сербиялык Мате Немеша менен кез келип, атаандашын бир мүнөттүн ичинде эки жолу көтөрүп чаап, 8:0 менен таза жеңген.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: Кыргызстанга 4-медалды Үзүр Жузупбеков алып берди!