ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти

Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондор 112 кызматына билдире алат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Синоптиктер 10-августтан 12-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын болорун болжошкон. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел кооптулугу сакталары айтылды.
"Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!" — деп айтылат билдирүүдө.
ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондордон 112 кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Чолпон-Атадагы "Рух-Ордо" комплексин сел каптап, эки күнгө жабылды. Видео