Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга кетти. Делегациянын курамы

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Расмий делегациянын курамындагылар:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Дастан Дюшекеев;
билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиев;
маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев;
энергетика министри Таалайбек Ибраев;
юстиция министри Аяз Баетов;
мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев;
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев;
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров.
Садыр Жапаров Борбор Азия президенттери менен жолугушуу үчүн Казакстанга барат