Министрлик өрүктүн түшүмүн Россияга сатуу жолдорун тизмектеди

Россияда Кыргызстандын жемиш жана жашылчаларына болгон суроо-талап жыл сайын өсүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Россиянын Челябинск, Екатеринбург шаарларында айыл чарба азыктарын дүңүнөн саткан базарлардын башкармалыктары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Максаты айыл чарба азыктарын экспорттоо жолдорун издеп табуу болуп саналат.
"Россияда Кыргызстандын жемиш жана жашылчаларына болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө. Учурда Челябинск жана Екатеринбургга Ысык-Көлдүн өрүктөрү ири көлөмдө алып келинүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Екатеринбург шаары:
"Продовольственная оптовая база #4" ЖЧКсында фуралар үчүн орундар бар. Бул жерде өрүктүн баасы — 150-160 рубль.
"Шарташ" базары 10 тонналык жүк үчүн орун берүүгө даяр. Чекене баа — 160-180 рубль.
Суроолорго диаспора жана консулдуктун өкүлдөрү жооп берет:
Урмат (диаспора): +7 912 298-22-22;
Өмүрбек: (Башкы консулдуктун өкүлү)+7 902 583-28-11.
Жети-Өгүз: фермер 13 гектар жердеги өрүктүн түшүмүн акысыз таратууда. Видео