Олимпиада оюндары — 2024

Олимпиада — 2024: бүгүнкү мелдештерде кимдер күч сынашат?

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча жыйынтыктоочу беттештер болуп, эркин күрөш боюнча мелдештер башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бүгүн Париждеги Олимпиадада эки балбан килемге чыгат.
Грек-рим күрөшү боюнча 57 килограмм салмакта Амантур Исмаилов жубатуучу күрөштө сербиялык Мате Немеша менен күч сынашат. Бул беттештер 15:00дө башталат.
Амантур Исмаилов чейрек финалда украиналык спортчу Парвиз Насибовго утулган. Бирок ал финалга чыгып, Исмаиловго коло медаль үчүн ат салышууга мүмкүндүк түзүлдү.
Мындан тышкары, бүгүн эркин күрөш боюнча мелдештер старт алат. 57 килограммга чейинки салмак категориясында Бекзат Алмаз уулу турнирдеги жолун 1/8 финалдан баштайт. Анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Картбай болот. Бул күрөштөр саат 15:30да башталат.
Ошондой эле 9-августка караган түнү саат 1:46да бокс боюнча жарым финалдык беттеште Мунарбек Сейитбек уулу болгариялык Хавьер Ибаньес менен күч сынашат.
Олимпиада оюндары — 2024
Париж-2024: Кыргызстанга 4-медалды Үзүр Жузупбеков алып берди!