Сот Камчы Көлбаевдин энесине жана Нурия Тентешовага өкүм чыгарды

Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" беренеси менен айыпталып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин Октябрь райондук соту жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиевага карата өкүм чыгарды. Аны Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" беренеси менен күнөөлүү деп табышты. Соттун чечими менен шарттуу түрдө жети жылга эркинен ажыратылды.
Сот ошондой эле Нурия Тентешовага карата өкүм чыгарды (ишенимдүү булактар иште ал кримтөбөлдүн жарандык никедеги аялы катары көрсөтүлгөнүн билдирди). Бишкек шаардык соту ал 8 жылга кесилип, мүлкү конфискацияланганын билдирди.
“Тентешовага Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" беренеси менен айып тагылды. Соттун өкүмү боюнча Тентешова жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөшү керек. Сот аны эки жылга чейин ишкерлик кылуу укугунан ажыратты. Айыпталуучуга издөө жарыяланды. Кармалгандан кийин баш коргоо чарасы тандалып, Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынат”, — деп билдиришти соттон.
Rolls Royce, хан сарай. БНК май куюучу жайлар түйүнүнүн ээси кармалды