Жети-Өгүз: фермер 13 гектар жердеги өрүктүн түшүмүн акысыз таратууда. Видео

Фермер быйыл түшүм мол, ал эми жумушчу күч жетишсиз, анын үстүнө кымбат болгонунан улам өрүгүнүн түшүмүн элге таратууну чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургуну Азамат Мажиков 13 гектардагы өрүгүн элге акысыз таратууну чечкен. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, фермер жалпы 64 гектарга алма, алмурут, алча, карагат, кулпунай жана башка өстүрөт.
"Бул жылы кулпунай жана алчага басым жасап, ал эми өрүккө кол жетпей жатат. Жумушчу жалдайын десем алардын ар бирине күн сайын 2000 сом төлөш керек. Ошондон улам үй-бүлөм менен кеңешип, өрүктү каалоочуларга акысыз таратууну чечтик", — деген Мажиков.
Ошондой эле ал быйыл түшүм жылдагыдан жакшы болгонун жана терип алчулар болгону жакшы сөзүн айтып, батасын берип, алып кете берсе болорун кошумчалаган.
Пресс-борбор
Багбандар кулпунайдын түшүмдүүлүгүн эселеп көбөйтүүнү мерчемдеп жатышат