Чүй облусунун трассаларында жол үстүнөн өтө турган өтмөктөр курулат. Эскиз

Эскиздик сунушту Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы иштеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чүй облусунун трассаларында жолдун үстүнөн өтө турган өтмөктөр курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бир өтмөктүн баасы 18 миллион сомдун тегерегинде болот деп болжолдонууда.
Эскиздик сунушту Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы иштеп чыккан. Анткен менен агенттиктин маалыматында өтмөк кайсы жерлерге жана канчасы курула турганы жазылган эмес.
Өлкө боюнча 558 курулуш компаниянын лицензиясы убактылуу токтотулду. Тизме