Олимпиада оюндары — 2024

Амантур Исмаилов атаандашын бир мүнөттө эки жолу көтөрүп чаап жеңди. Видео

Балбан жубатуучу беттеште жеңүүчү болду, эми коло үчүн күч сынашат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Париждеги Олимпиадада Амантур Исмаилов жубатуучу беттешти утту.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограмм салмакта сербиялык Мате Немеша менен кез келип, атаандашын бир мүнөттүн ичинде эки жолу көтөрүп чаап, 8:0 менен таза жеңди. Ал кечки саат ондон кийин азербайжандык Хасрат Жафаров менен коло байгени талашат.
Кыргыз балбаны чейрек финалда украиналык спортчу Парвиз Насибовго утулган. Бирок ал финалга чыгып, Исмаилов жубатуучу беттешке мүмкүндүк алган.
Олимпиада оюндары — 2024
Олимпиада — 2024: бүгүнкү мелдештерде кимдер күч сынашат?