Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курскиде катуу жарадар болгон аскердик кабарчы Поддубный Москвага жөнөтүлөт

6-августта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына кирип келүүгө аракет кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Курск облусуна болгон чабуулунан улам катуу жарадар болгон аскердик кабарчы Евгений Поддубный Москвадагы клиникага жөнөтүлөрүн РИА Новости кабарлады.
"Украин дронунун чабуулунан жаракат алган Поддубный Курск ооруканасына түшкөн. Ал жерде бардык изилдөөлөр жүргүзүлүп, дарылоо курсу дайындалган", — деп айталыт маалыматта.
Эскерте кетсек, 7-август күнү кечинде ЖМКлар менен Telegram-каналдарда Поддубныйдын каза тапканы тууралуу маалыматтар тараган.
Кийинчерээк Поддубный украин дронунун чабуулунан жарадар болгону айтылды. Кабарчынын унаасы чек ара аймагында аткылоого туш болуп, Поддубный жаракатынан улам реанимацияга түшкөнү белгилүү болгон.
Евгений Поддубный — россиялык аскердик кабарчы, даректүү тасмалар менен атайын репортаждардын автору. Экинчи чечен кампаниясынын учурунда ишин баштаган журналист кан төгүлгөн Сириядан Афганстанга, Ирактан Цхинвалга чейин барган. Аналитикалык программаны жетектеп, Сириядагы гуманитардык миссияны координациялаган, мындан сырткары, ВГТРКнын бир бөлүмүн башкарган. Украинада атайын операция башталгандан тарта согуш жүргөн аймакта активдүү иштеп келген.
6-августта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына кирип келүүгө аракет кылган. Россиянын Коргоо министрлиги 300гө чукул украин аскерлери 11 танк жана 20га чукул сооттолгон аскердик техника менен РФтин чектериндеги эл жашаган Николаево-Дарьино жана Олешняга (хутор) чабуул койгон. Аталган облустун губернатору Алексей Смирнов россиялык чек арачылар Украина тараптын 16 атайын техникасын жок кылганын билдирген.
Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин бул кол салуу боюнча иш козгоону тапшырган. Украина армиясынын аскерлери административдик имараттарды, жарандык инфраструктуралардын объектилерин аткылаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украина армиясынын Курскиге чабуулун чагым деп атады