Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Курск облусунда абал кандай? Соңку маалымат

Аталган аймакта кырдаал украин аскер бөлүктөрүнүн 6-август күнү эртең менен Суджан районунун аймагына кирип келүү аракетинен кийин курчуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. РИА Новости Курск облусундагы абал боюнча акыркы маалыматтарды жарыялап жатат.
Урунттуу учурлар:
россиялык аскерлердин аракетинен улам каршы тарап 315 кишисин жоготту — 100дөн кем эмес адам каза таап, 215 жоокер жарадар болгон. Буга кошумча, 54 сооттолгон техника жок кылынганын Россия Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Валерий Герасимов өлкө президентине маалымат берип жатып айтты;
Украина Куралдуу күчтөрүнүн Россиянын аймагына тереңдеп кирүү аракети бөгөттөлдү, Курск облусундагы операция каршы тараптын талкаланышы жана РФ күчтөрүнүн мамлекеттик чек арага чыгуусу менен соңуна чыгарын ошол эле жыйында Герасимов билдирди;
Украина Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосунан 31 адам жаракат алган, анын алтоо балдар экенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады;
Россия эл аралык коомчулукту киев режиминин чабуулун сынга алууга чакырганын РФ ТИМи билдирди;
БУУ баш катчысынын кеңсеси украин аскерлеринин Курскиге болгон чабуулу кырдаалды чыңалтарын айтты;
Курск облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген, чек арадагы аймактарда абал оор бойдон калууда;
Украин дронунун чабуулунан улам белгилүү аскердик кабарчы Евгений Поддубный катуу жарадар болду. Журналист эсине келген, учурда Курскинин ооруканасында дарыланып жатат, жакын арада Москванын клиникасына жөнөтүлөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украина армиясынын Курскиге чабуулун чагым деп атады