КМШнын жаш режиссерлору Москвада чеберчилигин арттырууда

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. КМШдан чогулган жаш режиссерлор, сценарийчилер "Мы" деп аталган эл аралык II кинофестивалга чогулду.
Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Тажикстандан келгендерге Борбордук кинематографисттер үйүндө киномектеп уюштурушту.
Алар идеялары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду түзүшөт. Жыйынтыгында киноальманах түзүлүп, ага беш новелла кирет.
Катышуучулар өздөрүнүн идеялары менен бөлүштү:
Армениялыктар суу алдындагы чиркөө, Беларустан келгендер майыптыгы бар балдардын ата-энелери тушуккан кыйынчылыктар боюнча фильм тартмай болушту. XX Казакстандагы жана Борбор Азияда кылымдын 20-жылдарындагы окуялар боюнча Казакстандан келгендер даректүү тасма жаратууну пландашкан. Ал эми калгандарына идея, ойлорун бышырып, анан сунуштаганга убакыт бар.
Ысык-Көлдө ГИТИСтин жайкы мектеби ишин баштады