Алматынын Спорт башкармалыгынын башчысы Парижде жүрөгү кармап каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Алматынын Спорт башкармалыгынын башчысы Ерден Хайруллин Парижде көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
36 жаштагы Хайруллин Парижге иш сапары менен барган. Анын көз жумганын Спортту өнүктүрүү дирекциясынан дагы тастыкташкан.
Алдын ала маалымат боюнча, анын жүрөгү токтоп калган.
Көлдө 35 жаштагы адам сууга чөгүп, ооруканада көз жумду