Кыйроого алып келет. Окумуштууларды климаттын кескин өзгөрүшү чочутууда

Окумуштуулар 2100-жылга чейин атмосферага зыяндуу газдардын таркоосун азайтуу экологиялык апаатты алдын аларын белгилешүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Температуранын көтөрүлүшү планетада олуттуу климаттык өзгөрүүлөргө, кыйроого алып келет. Бул тууралуу Nature Communications журналына окумуштуулардын командасы билдиргенин РИА Новсти жазды.
Изилдөөдө төрт жаратылыш системасы: Атлантикалык агым, Амазонка токойлору, Арктикадагы жана Антарктидагы муздар каралган. Глобалдык жылуулуктан улам аталган системалардын бирөө эле бузулса климат кескин өзгөрөт.
"Учурдагы климаттык тенденция уланса, бул кылымда жогоруда аталган төрт системанын кыйроо коркунучу 45 пайызды түзөт. Температуранын орточо көрсөткүчү 1,5 градуска көтөрүлсө ар бир 0,1 градус жылган сайын коркунуч жогорулайт", — деп айтылат изилдөөдө.
Окумуштуулар мындай көрүнүш болбошу үчүн 2100-жылга чейин атмосферага зыяндуу газдардын таркоосун нөлгө түшүрүү зарыл деген жыйынтыкка келишкен.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш эгер өлкөлөр декарбонизацияны эртелетпесе кылымдын аягына чейин Жердеги температура 2,8 градуска көтөрүлөрүн айткан. Бул жаатта 2015-жылдагы Париж Климат келишими негизги документ болуп саналат. Анда 2100-жылга чейин глобалдык температуранын көтөрүлүшүн алдын алуу боюнча чаралар каралган.
Илбирс, аркар, аюу... Жаныбарларды атууга салынган айыптын суммасы өстү