Баткенде алты айда 40 чакан ишкана ачылып, 273 жумуш орду түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 2024-жылдын биринчи жарымында Баткенде чакан 40 жаңы ишкана ачылып, 273 жумуш орду түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, алты ай ичинде мамлекеттик, жеке менчик мекеме-ишканаларда, өнөр жай, анын ичинде кен казуу, айыл чарба тармактарында жалпысынан 2 382 жумуш орун түзүлгөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 413кө көп.
Жаңы ачылган 40 ишкананын ичинен 20сы өнөр жай продукциясын өндүрсө, төртөө айыл чарба продукциясын чыгарат. Жетөө айыл чарба продукциясын кайра иштетсе, алты ишкана ар кандай кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары, үч жаңы соода борбору ачылган.
Байтикте суткасына 150 миң кыш чыгарган завод ачылды. Сүрөт