Радио

Ишматов: математикадан эл аралык олимпиаданын алтыны үчүн 5 жыл даярдандык

Окуучуларды математика боюнча олимпиадага даярдаган машыктыруучу Мамат Ишматов окуучулар үчүн Россия жана Ирандан тренерлер келип жардам бергенин айтты.
Sputnik
Кыргызстандык окуучулар эл аралык математикалык олимпиадада бир алтын, үч күмүш медалга жана эки Ардак грамотага ээ болду. Бул тууралуу Мамат Ишматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган олимпиадада Кыргызстан биринчи жолу командалык эсепте 122 упай топтоп, 108 мамлекеттин ичинен 29-орунга чыкты.
"Бул жыл биз үчүн жемиштүү болду. Англияда өткөн Эл аралык математикалык олимпиадада (International Mathematical Olympiad 2024 (IMO) тарыхтагы алгачкы алтын медалды уттук. Мындан тышкары, үч күмүш медалга жана эки Ардак грамотага ээ болдук. Алтын байгенин ээси Назар Кыргызбаевди алты жылдан бери машыктырам. Ал Бишкектеги №61 мектеп-лицейдин окуучусу, бирок "Газпром Кыргызстан" мектебине келип даярданат. Күмүш байгенин ээси Ян Бобрус команданын ичиндеги эң жаш окуучу. Ал "Газпром Кыргызстан" мектебинде билим алат. Окуучулар аталган олимпиадада абдан жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Мындан улам 108 мамлекеттин ичинен 29-орунга чыктык. Беш жыл мурда Англияда өткөн бул дүйнөлүк мелдеште 91-орунду ээлегенбиз. Акыркы беш жыл ичинде курама команда менен катуу иштеп, олимпиадага тандоо системасын өзгөртүп отуруп ийгиликтерге жетиштик. Аталган олмпиадага былтыр сентябрь айынан баштап даярданып баштаганбыз. Апрелде "Газпром Кыргызстан" мектебинин жетекчилигинин колдоосу менен Россиядан, Ирандан кошумча тренерлер келип жардам беришти. Окуучуну эл аралык мелдешке барарда билим жагынан эле эмес, физикалык жана психологиялык жактан да даярдайбыз. Балдар абдан ынтымактуу, бири-бирин колдошот", — деди Ишматов.
Ал математикалык олимпиадага баруунун тандоо системасын учурдагыдан жакшыртып, өзгөртүү керектигин кошумчалады.