Олимпиада оюндары — 2024

Сүйүнчү! Акжол Махмудов Олимпиадада коло медаль утту

Кыргызстандык балбан азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг.— Sputnik. Акжол Махмудов Париждеги XXXIII жайкы Олимпиаданын коло медалын утту.
Кыргызстандык балбан 77 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңип, 3-орунду камсыз кылды.
Махмудов чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраевге жеңилген эле. Кийинчерээк Жадраев финалга чыгып, Акжолго коло медаль үчүн таймашууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Кыргызстандык спортчу жубатуучу беттеште колумбиялык Алексис Муньозду 9:0 эсебинде утуп алган.
Бул Акжол Махмудовдун Олимпиадада алган экинчи медалы. Балбан 2021-жылы Токиодо өткөн оюндарда күмүш медаль тагынып, өлкө желегин желбиреткен.
Олимпиада оюндары — 2024
Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Видео