9-августка карата аба ырайы

9-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. 9-августта күндүз республиканын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Талас аймагында +31…+36, Ысык-Көл жергесинде +25…+30, Нарын өрөөнүндө +28…+33 градус жылуу болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +37…+39 градус болсо, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
ӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти