Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Өз сөзүндө Акылбек Жапаров президенттин Иш башкармалыгынын жана ага караштуу мекемелердин кызматкерлерин маараке менен куттуктап, алардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги жана өз ишине берилгендиги мамлекеттик аппараттын туруктуу жана натыйжалуу ишинин ачкычы экенин белгиледи. Президенттин Иш башкармалыгы мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө жана гүлдөп-өсүшүнө зор салым кошуп, алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чече берерине ишенимин билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ал президенттин Иш башкармалыгынын жана ведомствого караштуу мекемелердин бир катар кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасынын атынан Ардак грамота жана Ыраазычылык барактарын тапшырды.
Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасы Майя Алиева жана жарандык никедеги аялы Нурия Тентешовага өкүм чыкты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунун маалыматынан белгилүү болду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, Майя Алиеваны 7 жылга эркинен ажыратып, бир жылга шарттуу түрдө жаза чегерилди. Ал эми Нурия Тентешова ушул эле берене боюнча 8 жылга эркинен ажыратылып, издөөгө алынды. Ошондой эле чечимдерде экөөнүн тең мүлкү конфискациялана турганы белгиленген.
Учурда “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык аба боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.Анын айтымында, долбоор Бишкек жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу, жылытуу мезгилинде шаардагы түтүн-ыш каптоонун деңгээлин азайтууга багытталган. Абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өткөн жылдан бери алгылыктуу иштер аткарылууда. Газдаштыруу маселесин жеңилдетүү максатында “Газпром Кыргызстан” ишканасы “Айыл банк” жана “Элдик банк” мамлекеттик банктары менен биргеликте калкка жеңилдетилген насыяларды берүүдө.Үйүн газга туташтырууну каалаган Бишкек жана Чүйдөгү жарандарыбыз өкмөттүн газдаштыруу боюнча “Жеңилдетилген каржылоо 2 ” программасынын алкагында 8 пайыз менен күрөөсүз жана кепилдиксиз 2 жылга чейинки мөөнөттө 150 миң сомго чейин насыя ала алат.
Алматынын Спорт башкармалыгынын башчысы Ерден Хайруллин Парижде көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды. 36 жаштагы Хайруллин Парижге иш сапары менен барган. Анын көз жумганын Спортту өнүктүрүү дирекциясынан дагы тастыкташкан. Алдын ала маалымат боюнча, анын жүрөгү токтоп калган. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 73 тыйынга 1 евро 92 сом 52 тыйынга 1 рубль 99 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 68 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 73 сом 90 тыйындан тарта, 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 33 сом 70 тыйындан сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 9-августка караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. 9-август, жума күнү күндүз республиканын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөсө, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Талас аймагында +31…+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл жергесинде +25…+30, Нарын өрөөнүндө +28…+33 градус жылуу болот. Бишкек жана Ош шаарында күндүн табы +37…+39 градус болсо, Чолпон-Атада +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.