Өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук азайбай келет. Буга коомчулуктун кайдыгерлиги себеп болуудабы?

Sputnik
Акыркы учурларда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар көбөйүүдө. Алар кордолуп, укугу бузулуп, аянычтуу тагдырга туш болуп жатышат. Бүгүнкү күндө аялдар экономикалык, сексуалдык, психологиялык жана ур-тепкиден зомбулук көрүшүүдө. Мындай учурда милиция тарабынан коргоо ордери берилет. Тилекке каршы балдарга карата зомбулуктар да орун алууда.
Ал эми 6 айда ала качуу фактысы былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу азайган. Зомбулукка каршы чаралар тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы башкармалыгынын балдар иштери жана контролдоо боюнча бөлүм башчысы Нуржан Адылова жана зомбулукту алуунун жолдорун гендердик эксперт Гүлбарчын Жумабаева менен сүйлөштүк.