Радио

Автогазга байланыштуу абал качан жөнгө салынары айтылды

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канатбек Эшатов соңку жылдары Орто Азияда унаа газын колдонуу бир нече эсе көбөйгөнүн айтат.
Sputnik
Унаа газынын тартыштыгынын жаралуусуна бир нече орчундуу себеп бар. Биринчиден, Россиянын темир жолдорунда вагон-цистерналардын жетишсиздигинен улам ташып келүүчүлөр газды өз убагында жөнөтө албай жатышат. Бул тууралуу Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпы эле Орто Азияда, анын ичинде Казакстанда дагы унаа газынын тартыштыгы байкалууда.
"Суюлтулган көмүр суутек газынын тартыштыгынын жаралуусунун башкы себеби — Россиянын темир жолунда вагон-цистерналардын жетишсиздиги. Мындан тышкары, акыркы 2-3 жылдын ичинде Орто Азия өлкөлөрүндө суюлтулган көмүр суутек газын колдонуу кыйла жогорулап кетти. Мурун ушул эле сандагы вагон-цистерналар менен ташылган газ жетчү, азыр муктаждык чоң. Дагы бир себеби Россияда ички туризм кескин өнүгүп, автогазга суроо-талап көбөйгөн. Андан сырткары, башка күйүүчү майларга дагы суроо-талап жогорулаган. Ушул нерселерден улам унаа газы тартыш болууда. Баа маселесине келсек, акыркы 1,5 айдын ичинде Орто Азия өлкөлөрүндө ушундай тартыштык болуп жатат. Казакстан нефть жаатында көз карандысыз өлкө, жылына 100 миллион тоннага чейин мунай өндүрөт, толугу менен ички муктаждыгын жаап келген. Бирок азыр алар деле толук камсыз кыла албай калды. Казакстандын Энергетика министрлиги маалымат таратты, анда айына 35 миң тонна суюлтулган көмүр суутек газы жетишпей жаткандыгы айтылат. Бул көрүнүш жыл аягына чейин уланары айтылууда. Эгер Казакстанда ушундай жетишпестик болсо, алар дагы Россиянын базарына чыгып, суроо-талапты көбөйтөт. Бул Россиянын заводдорундагы дүң бааны көтөрөт. Акыркы 1,5 айдын ичинде айрым заводдордо дүң баа жогорулап, тоннасы 100-150 долларга кымбаттады. Бизде 6-7 сомго чейин кымбаттап кетиши мүмкүн эле, бирок биздин нефтетрейдерлер заводдордон издеп, арзан баада алып келип, кескин кымбаттоого жол беришкен жок. Россияда август айынын аягында ички туризм басаңдап, ремонтто турган заводдор иштеп баштаса мурдагы өндүрүштүк кубаттуулугуна чыгат. Эгер августтун аягында иштеп калышса, сентябрдын башында же ортолоп тартыштык жоюлуп, калыбына келиши керек деп жатабыз", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал өлкөдө күйүүчү майдын башка түрлөрү жетиштүү экенин, тартыштык жаралбастыгын кошумчалады.