Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи Украина армиясынын Курскиге чабуулун теракт деп атады

Губернатор эртең мененки маалыматында Курскиде ракета менен кол салуу кооптуулугу дагы деле турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Украина армиясынын Курск облусуна чабуул коюшу боюнча Sputnik радиосуна комментарий берип жатып, кеп жай жарандарга карата жасалган террордук акт туурасында жүрүп жатканын айтты.
"Сөз кезектеги террордук акт жөнүндө болуп жатканын эске сала кетейин. Ал жай жарандарга каршы жасалды", — деген расмий өкүл.
Захарова тартип сактоо органдары буга өзүнүн баасын берерин айтты.
"Биздин Тергөө комитети, тартип коргоо органдары далилдерди чогулуп, албетте, өзүнүн баасын берип эле тим болбостон, иш сотко жетиш үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүшөт. Киев режимине дем-күч берип жаткан кылмышкерлер жазасын алат", — деген ал.
6-августта Украинанын Куралдуу күчтөрү Курск облусунун аймагына кирип келүүгө аракет кылган. Россиянын Коргоо министрлиги 300гө чукул украин аскерлери 11 танк жана 20га чукул сооттолгон аскердик техника менен РФтин чектериндеги эл жашаган Николаево-Дарьино жана Олешняга (хутор) чабуул койгон. Аталган облустун губернатору Алексей Смирнов россиялык чек арачылар Украина тараптын 16 атайын техникасын жок кылганын билдирген.
Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин бул кол салуу боюнча иш козгоону тапшырган. Украина армиясынын аскерлери административдик имараттарды, жарандык инфраструктуралардын объектилерин аткылаган.
Губернатор эртең мененки маалыматында Курскиде ракета менен кол салуу кооптуулугу дагы деле турганын айтты.
Элге кайрылып, үйдө отургандар эшикке чыкпай, тескерисинче, терезеси жок бөлмөлөргө кирип сактануу зарылдыгын айткан. Ал эми көчөдө жүргөндөр болсо жакынкы имаратын ичине кирип же ылайыктуу жерге баш калкалоосу керектигин эскерткен.
Тергөө комитети бул чабуулдан жай жарандардан каза болгондор, жаракат алгандар бар экенин билдирди. Аталган аймакта жайгашкан Суджа шаары да бир нече ирет аткылоого кабылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Курскиге жасалган чабуулдан беш адам, анын ичинде эки бала көз жумду