Олимпиада оюндары — 2024

Садыр Жапаров Мээрим Жуманазарованы куттуктады. Видео

Мамлекет башчы кыргызстандык спортчулардын келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен тосуп алып, куттуктай турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров спортчу Мээрим Жуманазарованы Париждеги XXXIII жайкы Олимпиадада күмүш медаль утушу менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы телефон менен сүйлөшүп жатып, кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан спортчуга жогорку жетишкендиги үчүн ыраазылык билдирген.
"Олимпиаданын күмүш медалына ээ болуу да оңойго турган жок. Алтын медаль ала албай калдым деп эч капа болбоңуз! Сиз менен чексиз сыймыктанабыз! Сиздин бүгүнкү жеңишиңиз Кыргызстандагы эле эмес, дүйнө жүзүндөгү күрөшкө кызыккан секелек кыздарга чоң дем, мыкты стимул болуп калды", — деген Жапаров.
Ал Жуманазарованын жеңиши — спортчунун жан үрөгөн мээнетинин, машыктыруучулардын талыкпаган эмгегинин акыбети экенин баса белгилеген.
Президент кыргызстандык спортчулардын өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын, аларды татыктуу сыйлыгы менен куттуктай турганын кошумчалаган.
Мээрим мамлекет башчыга жана жалпы Кыргызстан элине баа жеткис колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирген.
Бул ага жаңы күч, алдыга умтулууга, жаңы бийиктиктерди багындырууга жардам берерин айтып, Токио Олимпиадасынын кийин көрсөтүлгөн колдоону да жылуу эскерип, белгилеген.
Олимпиада оюндары — 2024
Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын күмүш медалына ээ болду