Пентагон Жакынкы Чыгышта жаңы аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр турат

Остиндин айтымында, "министрлик региондогу чыңалууну басаңдатып, Иран менен анын тилектештерин тизгиндеп туруу үчүн чараларды көрө бермекчи".
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Пентагон чыңалган абалды "бир аз жумшартып", коркунучтарга жооп кайтаруу үчүн Жакынкы Чыгышта жаңы аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Ллойд Остин австралиялык кесиптештери менен биргелешип берген маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Коопсуздугубузга, өнөктөштөрүбүзгө же кандайдыр бир кызыкчылыктарыбызга жаралган коркунучтарга жооп берүү үчүн аскер күчтөрүн жайгаштырууга даяр бойдон кала беребиз", — деген ал.
Остиндин айтымында, "министрлик региондогу чыңалууну басаңдатып, Иран менен анын тилектештерин тизгиндеп туруу үчүн чараларды көрө бермекчи".
Пентагондун жетекчиси USS Abraham Lincoln башында турган региондогу сокку уруучу топ Theodor Roosevelt авиакемеси баштаган техника менен алмаштырыларын белгиледи. Мындан тышкары, аймакка абадан коргонуучу каражаттар орнотулган эсминецтер менен ракеталык крейсерлер жөнөтүлүп, истребителдердин кошумча эскадрильясы жайгаштырылат.
Дүйшөмбү күнү Ирактын батышында жайгашкан "Айн-аль-Асад" авиабазасы ракеталык аткылоого туш болгон. Пентагондун өкүлү кол салуудан жети америкалык аскер жабыркаганын маалымдаган.
Остин менен Израилдин коргоо министри Йоав Галант бул соккуну "кооптуу эскалация" деп атап, Тегеранды айыпташкан.
ЖМК: Блинкен Ирандын Израилге качан чабуул жасай турганын боолголоду