Ысык-Көл: Караколдогу 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекетке өттү

Караколдо мурдагы аткаминер муниципалитеттин түзүмдүк бөлүмдөрү менен мыйзамга жат иштерди жасап жүргөнү аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Караколдун өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер жана ун комбинаты мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекетке өткөн мүлктүн наркы 1 миллион долларды түзөт.
"Каракол шаардык муниципалитетинин мурдагы аткаминери 2012-2013-жылдары түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте коммерциялык багыттагы жерлерди арзандатылган баада жеке менчикке өткөрүшкөн. Ошондой эле шаардын башкы планына каршы келген 10 гектардан ашык жер тилкени бөлүп берүү жөнүндө мыйзамсыз токтомдорду чыгарышкан", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү О.И.И. келтирилген зыяндын ордуна өнөр жай зонасындагы 1,37 гектар жер тилкесин жана ун комбинатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
УКМКга берилген арыздан кийин... Ипотекалык компанияга 300 батир өткөрүлмөй болду