Өлкөдө сот арачылардын ишин 2027-жылдан баштоо сунушталды. Мыйзам долбоору

Сот арачылар институтун киргизүү мөөнөтү буга чейин каржынын жетишсиздигинен бир нече жолу жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Сот арачыларынын ишин 2027-жылдан баштоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам добоорун Жогорку сот демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, учурдагы мыйзамдар боюнча бул институт 2025-жылдан баштап ишке киргизилмек.
"Атайын эксперттик топ Сот арачылар институтун ишке ашыруу үчүн 1 миллиард 189,7 миллион сомдон ашуун каражат керектелерин аныктаган. Бул каражат инфраструктара, техника, жабдуу, маяна жана башка чыгымдарга сарпталмак. Бирок учурунда бюджеттен жетиштүү каражат каралган эмес. Мындан улам аталган институтту ишке киргизүүнү 2027-жылга чейин жылдыруу сунушталат", — деп айтылат долбоордун негиздемесинде.
Ошондой эле Сот арачылар институтун киргизүү мөөнөтү буга чейин каржынын жетишсиздигинен бир нече жолу жылдырылганы кошумчаланган.
Кыргызстанга сот арачылар институту зарыл. Эксперт маанисин түшүндүрдү